Бишкекте жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды
Бишкек шаарында жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму тарабынан ишке ашырылмакчы.
“Аталган саамалык кечээ, 3-октябрда “Ынтымак” паркын жашылдандыруу иштери менен башталды. Ага министрликтин кызматкерлери да катышты. Маданият жумалыгы 9-октябрга чейин Бишкек шаарында “Келечек” мамлекеттик платформасынын алкагында өткөрүлмөкчү”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын мастер-класстар, шаардын экологиясын жана тазалыгын сактоого багытталган бир нече акциялар өтөт.
Ошондой эле каалоочулар үчүн тамак бышыруу искусствосу, сулуулук, кол өнөрчүлүк жаатындагы бир нече мастер-класстар, “Ала -Тоо” аянтында китеп сүйүүчүлөр үчүн флеш-мобдор уюштурулуп, “Ынтымак” паркында жарандардын ден соолугуна кам көрсүүсүнө арналган иога, пилатес, фитнес менен кантип машыгуу боюнча көнүгүүлөр көрсөтүлүп, заманбап бийлерди үйрөнгүсү келгендер үчүн бий студиялары өз өнөрлөрү менен бөлүшөт.