Ысык-Ата районунда ири тери заводу курулат

 Ысык-Ата районунда ири тери заводу курулат

Токмокто жайгашкан “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар.

“Бул маселени чечүү үчүн “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана ишке киргизүү үчүн 913,5 млн сом каралып жатат. Бул багытта уяң жүндүү кайра иштетүү үчүн меринос койлорун көбөйтүү боюнча иш алып барылат.

Ошондой эле учурда союлган малдардын терилери ыргытылып, колдонулбай жатат. Терини кайра иштетүү максатында Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Связанный пост