Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

 Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз берилген муниципалдык жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатуу фактысын аныктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2012-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Таал айыл өкмөтүнүн (мурунку Бешкент) айрым кызмат адамдары “Полевой стан” айыл чарба кооперативин жоюунун жана жер тилкесин трансформациялоонун жол-жоболорун бузуу менен “Арка” тилкесинде жайгашкан 30 сотых жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн Кыргызстандын жараны С.М.И.ге сатып жиберген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз өткөрүлүп берилген жана менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост