Кыргызстанга америкалык көк бөрүчүлөр келди

 Кыргызстанга америкалык көк бөрүчүлөр келди

Кыргызстанга америкалык көк бөрүчүлөр VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды Эл аралык көк бөрү ассоциациянын башкы катчысы Кубатбек Аскарбеков жана уюмдун өкүлдөрү тосуп алды.

“Команданын капитаны Ледд Фоувел баштаган курамада 9 оюнчу бар. Алар Көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи өтө турчу “Бишкек Аренага” барышты. Курама бир күн Бишкекте болуп, 26-августа Чолпон-Атага жөнөп кетет. Ал жерде окуу машыгуу өткөрөт”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, АКШнын көк бөрү боюнча курамасы 2014-жылдан бери Көчмөндөр оюндарына катышат. Алардын сапарын бул ирет Эл аралык көк бөрү ассоциация каржылады.

Связанный пост