Кыргызстан дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө өтүнмө берет
Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен биргеликте футбол боюнча чемпионаттарды өткөрө алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев берген маегинде билдирди.
Парламент төрагасы “Бишкек Арена” стадионун куруу менен 2032-жылга жана кийинки жылдарга футбол боюнча чемпионаттардын мелдештерин өткөрүү үчүн өтүнмө берилерин айтты.
“Дүйнөлүк чемпионатты жалгыз биз өткөрө албайбыз, биз коңшу мамлекеттер менен биргеликте АКШ, Мексика, Канада өткөргөндөй эле үч мамлекет өткөрсөк болот. Бул дүйнөнүн булуң-бурчунан миллиондогон эл келип биринчиден мамлекетибизди тааныса, экинчи жагынан чемпионат өткөндөн кийин Кыргызстандын кайсы жакта экенин чет өлкөлүктөр билип калат”, – деди Марлен Маматалиев.