Кыргызстанга импорттолгон жашылча-жемиштер күчөтүлгөн фитосанитардык көзөмөлдөн өтөт

Кыргызстанга импорттолуп жаткан жашылча-жемиштердин ар бир партиясы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан бекитилген тартипке ылайык, көп баскычтуу фитосанитардык көзөмөл жана лабораториялык анализдерден өткөрүлүүдө. Бул чаралар өлкө аймагына карантиндик зыянкечтердин жана уулуу заттардын кирүүсүнүн алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Импорттук продукциялар төмөнкү тартип боюнча текшерилет:
1. Документтик көзөмөл:
Жүктүн коштомо документтери — фитосанитардык сертификат, СТ-1 формасы, инвойс жана транспорттук маалымкаттар текшерилип, продукциянын мыйзамдуу жана талаптарга ылайык ташылып келгени аныкталат.
2. Визуалдык кароо жана экспресс-текшерүү:
Продукциялар визуалдык кароодон өткөрүлүп, нитрат деңгээли экспресс-нитратомер аркылуу текшерилет. Атап айтканда, арбуз, капуста, бадыран, помидор, кокон, гилас, орук жана пияз сыяктуу жашылча-жемиштердин ар бир түрү боюнча белгиленген ченемдерге ылайык баа берилет. Эгерде нитрат деңгээли шектүү көрүнсө же белгиленген нормаларга жакын болсо, атайын эрежелерге ылайык расмий үлгүлөр алынат.
3. Карантиндик лабораториялык экспертиза:
Алынган үлгүлөр Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жөнөтүлүп, ПЦР жана башка заманбап ыкмалар менен карантиндик зыянкечтер жана өсүмдүк ооруларынын белгилери изилденет.
4. Контрольдук-токсикологиялык анализ:
Продукциядан алынган үлгүлөр Контрольдук-токсикологиялык лабораторияда текшерилип, пестицид калдыктарынын жана уулуу заттардын бар-жогу аныкталат.
Бардык лабораториялык жыйынтыктар текшерилип, продукция фитосанитардык жана санитардык нормаларга толук жооп бергенден кийин гана Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө жана ички рынокко чыгарууга уруксат берилет.