Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Башка элдин жомогун уккан балдардан келечекте улутка кызмат кылган уул-кыздар чыгары күмөн
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилүү журналист, коомдук ишмер Шайырбек Абдырахман уулун кабыл алды.
Жолугушууда Төрага социалдык тармактар аркылуу Манас баштаган кыргыздын көөнөрбөс мурастарын жайылтып, аудио китептерди даярдап жаткан Шайырбек Абдырахман уулун өзү жолугушууга чакырганын белгилеп, анын жүргүзүп жаткан ишине жогору баасын берди.
“Азыр чындыгында үңүлө түшүп китеп окугандар аз. Андыктан, учурдагы жагдайга ылайыктап, угузуп болсо да адамдарды чыгармалар менен тааныштырган ыкмаларды кеңири жайылтуубуз кажет. Бул жаатта сиздин жасап жаткан ишиңиз мактоого татыктуу. Өткөн чакты же техниканы эле шылтоо кылып олтура бербестен, өз алдыңызча демилге көтөрүп узак убакыттан бери аудио китептерди жаздырып келесиз”, – деди Төрага.
Ошондой эле Шайырбек Абдырахман уулунун ишке ашырып жаткан долбоорун колдоого алып, каржылык жардам көрсөтөрүн билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Айрыкча жаштар, кичинекей балдар чет элдин тасмаларын, мультфильмдерин көрүп, улуттук баалуулуктарыбыз унут калууда. Башканын жомогун уккан балдардан келечекте улутка кызмат кылган уул-кыздар чыгары күмөн. Андыктан, балдар адабиятын, анын ичинен жомокторду, аңгемелерди дагы аудио китеп кылып даярдап чыгуу зарыл. Бул үчүн бир жолу эле эмес, туруктуу түрдө каржылык жардамдарды берүүгө даярбыз”, – деп кошумчалады.
Муну менен катар чет элдик тасмаларды да которуу ишине көңүл бурууга чакырды.
Өз кезегинде Шайырбек Абдырахман уулу жүргүзүп жаткан иштери, келечектеги пландары тууралуу учкай маалымат берип: “Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манас дастанын толугу менен аудиолоштуруп бүттүк. Эми Саякбай Каралаевдикин да аудио китеп кылып жазууну баштадык. Алдыда балдарга ылайыктуу чыгармаларды да аудиолоштурууну пландап жатабыз”, – деди.
Ошону менен бирге колдоого алган Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн жардам техникалык базасын чыңдоого көмөкчү болорун белгиледи.
Андан тышкары, баарлашуу маалында билим берүү тармагына тиешелүү маселелер да көтөрүлүп: “Мектепте он жыл окуганына карабай окуучулар англис тилин билбей эле бүтүрүп жатышат. Бирок алты ай курска барып чет тилин үйрөнүп алгандар арбын. Ошол эле учурда башка улуттагы адам кыргыз тилин кыска убакытта эле өздөштүрүп кеткен мисалдар да бар. Мындагы негизги маселе окутуунун ыкмасы. Биздин мектептердеги чет тилди үйрөтүү методикасы окуучулар үчүн ылайыксыз жана жеткиликсиз. Тиешелүү министрлик аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, жаңы окуу усулдарын киргизиши кажет”, – деди Төрага.