ЖК төрагасы Европа парламентинин мүчөлөрүн кабыл алды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Мунир Сатури баштаган Европа парламентинин мүчөлөрүн кабыл алды.
Жолугушууга Жогорку Кеңештеги парламенттик фракциялардын лидерлери да катышты.
Тараптар Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын, Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин байланыштарын бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Европа биримдиги менен калыптанган алакаларды арттырып, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөө менен конструктивдүү диалогду түзүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
“Акыркы жылдары байланыштарыбыз жигердүү өнүгүп, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель биздин өлкөгө расмий сапар менен келип кетти. Муну менен катар өткөн жылы “Европа биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү” келишимге кол коюлду. Бул келишим алакалардын жаңы барагын ачып, өнөктөштүгүбүздү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин”, – деди Төрага.
Өз кезегинде Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури иш сапарынын негизги максаты тууралуу кеп кылып, Европа мамлекеттери Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын эске салды. Ошондой эле Европа парламентинин мүчөлөрү өлкөдөгү адам укугуна, сөз эркиндигине байланышкан жагдайларга токтолушуп, аталган багыттагы кызыккан суроолорун узатышты.
Ал эми Төрага Нурланбек уулу ар бир айтылган маселе боюнча пикирин билдирип, Кыргызстан адам укугун, мыйзам талаптарын, демократияны жана сөз эркиндигин жактаган мамлекет экенин баса белгиледи. Айрыкча коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, шайлоолордун таза өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле парламенттин ишмердүүлүгү боюнча да сөз кылган Төрага: “Парламенттик демократиянын өнүгүшүндө жана мамлекеттин алдыга жылуусунда Жогорку Кеңештин салымы өтө чоң. Кыргыз парламентинин депутаттары өлкөдөгү бардык маселе боюнча ачык оюн айтып, каалаган пикирин билдире алышат. Андан тышкары, эл өкүлдөрү дайыма ачык айкын иш алып барып, бардык жыйындар, анын ичинен тармактык комитеттердин жана фракциялардын отурумдары түз эфирде көрсөтүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү парламенттин ишине тоскоолдуксуз катышып, коомчулукка да ар дайым эшигибиз ачык. Мындай мүмкүнчүлүк дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да чанда кездешет. Биз ушул өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктанабыз”, – деди.
Муну менен катар жолугушууда гендердик теңчилик боюнча да маселе айтылды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештеги аялдар үчүн бөлүнгөн квотаны мисал кылып, мыйзам менен бекитилген мындай мүмкүнчүлүк Европа мамлекеттеринде да жок экенин баса белгиледи.