Былтыр Жалал-Абад облусунда тоо-кен тармагынан 30,5 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн

2024-жылы Жалал-Абад облусунда тоо-кен тармагынан 30,5 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевдин Чаткал жана Ала-Бука районундагы тоо-кен компанияларына барган учурда белгилүү болду.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал Чаткал районундагы “Кичи-Чаарат” ЖАК, “Эти Бакыр Терексай” жана Ала-Бука районунда жайгашкан “КАЗ Минералз Бозымчак” алтын кен компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Облус башчысы тоо-кен казып алуу технологиялары, коопсуздук чаралары, өндүрүш жана кайра иштетүү тартиби, экология жана социалдык жоопкерчилик багытында аткарылган иштерди көрдү.
“Кичи-Чаарат” ишканасы 2019-жылы ачылып, инвестициялык көлөмү 400 млн долларды түзөт. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 1 млн 800 миң тонна руданы кайра иштетет. Мекемеде жалпы 356 жумушчу иштейт, анын 293ү жергиликтүү жашоочулар.
Ал эми “Эти Бакыр Терексай” алтын ылгалоочу фабрикасы боюнча тартылган инвестициянын суммасы 350 млн долларды түзөт. Учурда фабрикада 650 жумуш орундары бар.
Мындан сырткары, Тилек Текебаев 1336 адам эмгектенген Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагындагы “КАЗ Минералз Бозымчак” өндүрүштүк мекемесиндеги иш ыргагын көрдү.
Облус өкүлү тоо-кен компаниялардын жетекчилерине техникалык коопсуздук жана экологиялык талаптардын так аткарылышы зарылдыгын эскертти. Компаниялар тарабынан облус башчысына өндүрүштү кеңейтүү, тийиштүү кадрлардын жетишсиздик көйгөйү бар экени айтылды.
Тилек Текебаев, аймактын негизги киреше булагы болгон кен компанияларда иштөө үчүн бир катар багыттар боюнча кесиптик окутууларды ачуу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмаларды берди.
Белгилей кесек, 2024-жылы Жалал-Абад облусу боюнча тоо кен тармагынан 30 млрд 519,1 млн сомдук продукция өндүрүлүп, көлөм 114 пайызга жеткен.