Манас районунда мыйзамсыз жер берүү фактысы аныкталды
Талас областынын Манас райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 0,67 га жайыт жер тилкесин жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү боюнча токтомдорду жасалмалашкандыгы аныкталган. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас филиалы тарабынан аталган жерге убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө мыйзамсыз күбөлүк берилген.
Бул факты боюнча Манас райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Манас райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.