Нурланбек Шакиев: Биздегидей сөз эркиндиги Европада да жок
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
“Көптөгөн эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, төмөндөп кетти деген ар кандай индекстер менен баа берип келишет. Бирок бул туура эмес. Буга мисал, бүгүн парламентте мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү улам бир депутатты чакырып, каалаган суроолорун берип жатышат. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө жок. Парламентаризмдин бешиги саналган Улуу Британияда журналисттер олтурган жайды айнек терезе менен бөлүп, тосуп койгон. Тагыраагы, журналисттер жыйын учурунда депутаттарды чакырып, суроо бере албайт. Чыгып бара жатканда да депутаттар башка эшик менен, журналисттер башка эшик менен чыгып жолугушпайт. Мына ушундай негизде иш алып барган өлкөлөр бизге баа берип жатканы түшүнүксүз”, – деди төрага.
Муну менен катар сөз эркиндиги парламентте гана эмес, жалпы өлкөдө жакшы өнүккөнүн айткан Төрага аталган маселе карата эл аралык уюмдар берген баа боюнча журналисттерди да пикир билдирүүгө чакырды.