Кыргызстанда 10 миң 362 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 10 миң 362 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Б
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыянын жалпы көлөмү 4 млрд 109 млн 948 миң сомду түздү.
Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 458 млн 770 миң сомго 1 390 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу – 222 млн 840 миң сомго 689 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу – 235 млн 930 миң сомго 701 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 651 млн 178 миң сомго 8 972 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу – 1 млрд 776 млн 643 миң сомго 4 425 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу – 1 млрд 874 млн 535 миң сомго 4 547 насыя.