Президент Садыр Жапаровдун Татарстанга болгон иш сапары аяктады

 Президент Садыр Жапаровдун Татарстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-октябрда Татарстан Республикасынын Казань шаарына болгон иш сапары аяктады.

 

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы XVI БРИКС саммитине катышты.

 

Кеңейтилген форматтагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге өз салымын кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

XVI БРИКС саммитинин “аутрич”/“БРИКС плюс” форматындагы пленардык жыйынга БРИКС мүчөлөрү, чакырылган мамлекеттердин делегация башчылары катышты: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф Аз-Зайяни, Бангладештин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мохаммад Джашим Уддин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Боливиянын президенти Луис Альберто Арсе Катакора, Конгонун президенти Денис Сассу-Нгессо, Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья, Индонезиянын тышкы иштер министри Сугионо, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Малайзиянын экономика министри Рафизи Рамли, Мавританиянын президенти Мохамед Ульд Шейх Эль-Газуани, Монголиянын президентинин администрациясынын жетекчиси Гомбожавын Занданшатар, Никарагуанын тышкы иштер министри Вальдрак Людвинг Джентске Уитакер, Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Вулин, Шри-Ланканын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Аруни Виджевардане, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Таиланддын тышкы иштер министри Марит Сангианпхонг, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венесуэланын президенти Николас Мадуро Морос, Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь, ошондой эле эл аралык уюмдардын делегация башчылары.

 

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 24-октябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Связанный пост