Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот

 Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот

Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында “Ынтымак конушунда” 8100 батир салынып баштады.

“2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот”, – деди ал.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүүдө. 32 777 батирлүү турак жай салынып жатат. Жалпысынан алардын аянты 2 млн 600 миң чарчы метрди түзөт.

Связанный пост