5-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта салттуу 5 жана 6-класстардын программаларын бириктирген атайын интеграцияланган программалар боюнча окутула баштайт

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 5-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта салттуу 5 жана 6-класстардын программаларын бириктирген атайын интеграцияланган программалар боюнча окутула баштайт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева бүгүн маалымат жыйында билдирди.
“Программалар балдар кийинки жылы 7-класска өтө тургандай бириктирилген. Программалардагы олуттуу өзгөртүүлөр математика, табият таануу жана англис тилдеринде болот”, – деди ал.