300 кыргызстандык “медайымдык иш” адистиги боюнча Германияга ишке орношот

 300 кыргызстандык “медайымдык иш” адистиги боюнча Германияга ишке орношот

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык “медайымдык иш” адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык боюнча коомунун (GIZ) Эмгек министрлигине IT жабдууларын тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Министрдин айтымында, иш бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим, жаңы тажрыйба алып келишет.

Белгилей кетсек, бүгүн Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому (GIZ) Эмгек министрлигине 11 млн сомдук IT жабдууларын тапшырды.

Связанный пост