Түптө жаңы күрөш залы курула баштады

 Түптө жаңы күрөш залы курула баштады

Түп районунун Тасма айылында жаны күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары У.Далиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси К.Усубалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендердик баасы 10 млн 135 миң сомду түздү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан айтылган айылга күрөш залын куруу сунушу келип түшкөн. Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан бул демилге колдоого алынып, тийиштүү каражат бөлүнгөн.

Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Спорттук имараттын жалпы аянты 204 чарчы метрди түзөт.

Связанный пост