2024-жылы Ысык-Көлгө дем берүүчү гранттын эсебинен 197,1 млн сом бөлүнөт
2024-жылга Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 197,1 млн сом бөлүнөт.
Финансы министрлигинен маалымдашкандай, бул каражатка аймакта 66 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын ичинен:
Ысык-Көл району — 15 объектиге 36,4 млн сом;
Түп району — 11 объектиге 29,6 млн сом;
Ак-Суу району — 12 объектисине 40,9 млн сом;
Тоң району — 12 объектиге 35,9 млн сом;
Жети-Өгүз району — 7 объектиге 29,2 млн сом;
Балыкчы шаары — 3 объектисине 9,5 млн сом;
Каракол шаары — 6 объектиге 15,6 млн сом.
Жалпы:
24 мектепке –— 65,1 млн сом;
2 саламаттыкты сактоо мекемелерине — 6,6 млн сом;
12 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 46,0 млн сом;
3 спорттук курулуштар — 10,9 млн сом;
14 маданий маанидеги объектилерге — 37,6 млн сом;
11 бала бакчага — 30,9 млн сом.