2024-жылы Талас облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 86,8 млн сом бөлүнөт

 2024-жылы Талас облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 86,8 млн сом бөлүнөт

2024-жылга Талас облусунда дем берүүчү гранттардын эсебинен 30 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул үчүн бюджеттен 86,8 млн сом суммасында каражат бөлүнөт. Анын ичинен:

 

Талас району — 7 объектиге 20,1 млн сом;

Манас району — 5 объектиге 14,0 млн сом;

Айтматов району — 4 объектиге 11,1 млн сом;

Бакай-Ата району — 5 объектиге 16,3 млн сом;

Талас шаары — 9 объектиге 25,3 млн сом;

Жалпы:

 

– 15 мектепке – 40,9 млн сом;

– 1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 5,0 млн сом;

– 5 маданий маанидеги объектиге – 15,8 млн сом;

– 4 бала бакчага – 11,9 млн сом каралууда;

– 5 спорттук курулуштар — 13,2 млн сом.

Связанный пост