2023-2024-окуу жылынын башталышына байланыштуу мектептерде класстарды комплектөө жүргүзүлдү

2023-2024-окуу жылынын башталышына байланыштуу Ленин районундагы №73 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында мектепке чейинки даярдоо топторун кабыл алуу өттү.
Ошондой эле, №9 ОТК МГ базасында билим берүү уюмдарынын класстык комплектилери алынды.
Билим берүү уюмдарын комплекттөөгө: акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын башчысы Жылдыз Токтоболотова, билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Жанат Токсомбаев, Ленин райондук билим берүү борборунун башчысы Таалайгүл Темирканова катышты.
Комплектөө «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.

Связанный пост