17 миллион сомдон ашык зер буюмдардын контрабандасы кармалды

 17 миллион сомдон ашык зер буюмдардын контрабандасы кармалды

Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө «Манас» бажысынын кызматкерлери, КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен жана КР транспорт прокуратурасы менен биргеликте ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташкан.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-сентябрында «Манас» аэропортунун аэровокзал комплексинде «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү тарабынан бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жаткан Өзбекстан Республикасынын жети жараны сары металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

Жарандар металл издегичтин рамкасы аркылуу өткөндөн кийин өзгөчө белги берилген. Металл издегичтин жардамы менен кошумча бажылык текшерип кароонун алкагында желим баштыкка салынган сары түстөгү металл зер буюмдары ич кийимдеринен, кээ бирлери шымдын чөнтөгүнөн табылган.
Кармалган зер буюмдардын жалпы салмагы 4952 кг түзгөн. Зер буюмдардын болжолдуу баасы 17 332 000 сомду түзгөн. Фактылар КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилген.

Связанный пост