137 компания чакан ГЭСтерди курууга даяр
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө чакан ГЭСтерди, күн менен шамалдан электр кубатын иштеп чыгуучу станцияларды курууга ниеттенген компаниялардын жетекчилери, ошондой эле бул багытта иш жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.
Жашыл электр станциялар ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган жолугушууда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселелери талкууланды.
Бакыт Төрөбаев өлкөдө чакан гидроэлектр станцияларынын, күн жана шамал электр станцияларынын курулушу менен туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө болоорун билдирди.
“Албетте, ири ГЭСтерди куруу жана ишке берүү бир нече жылды талап кылат. Ошол себептүү, чакан ГЭСтерди өнүктүрүүнү активдештирип, энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Айта кетүүчү жагдай, жакшы жерлерге чакан ГЭС, электр станцияларын курат элек деп, ал жерлерди жок кылып албашыбыз керек. Бул багытта жерлерди трансформациялоо иштери дыкат жүргүзүлүп, конкурстар таза өтүүсү зарыл”, – деди Минкаб Төрагасынын орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча чакан ГЭСтерди, күн менен шамалдан электр кубатын иштеп чыгуучу станцияларды курууга ниеттенген 137 компания бар. Эксперттердин белгилөөсүндө, өлкөнүн түндүк тараптарына шамал электр станцияларын, ал эми түштүгүндө күн электр станцияларын ишке киргизүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бул боюнча ички инвесторлордон тышкары, эл аралык каржы институттары дагы энергиянын кайра жаралуу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого кызыкчылыктарын билдирип келет.
Бул багытта жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди пайдалануу укугун берүү, жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“бирдиктүү терезе” механизми) аныктоо, жарактуу жерлердин санын жана көлөмүн тактоо жана аныктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан ары бул тармактагы жумушту илгерилетүү максатында ар он күн сайын жыйындар өткөрүлө турган болду.