1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясы боюнча өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылат
2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим Кыргыз Республикасынын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.
Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил, же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.