Өзгөндө жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Төөлөс айылында заманбап, жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бакчанын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттукташты.
Долбоор боюнча 50 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу имарат бардык заманбап шарттар каралган.
Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Имараттын жалпы тендердик баасы 26 млн сомду түзүп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулду.