Өзгөндө ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди

 Өзгөндө ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди

Өзгөндө ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ок атуучу куралды жана жардыруучу заттарды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Анда мергенчи катары каттоодо турган 236 жарандын, 1 мергенчилик дүкөндүн, 2 жеке күзөт мекемесинин жана 2 өндүрүш багытында пайдалануу үчүн жардыруучу заттарды сактаган мекемелердеги ок атуучу куралдарынын уруксат кагаздарынын мөөнөттөрү жана сактоо шарттарына көңүл бурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, 12000 сом айып салынды. Ал эми сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн 2 курал маселе чечилгенге чейин райондук ички иштер бөлүмүнө убактылуу алынды.

Ош ОИИБи жарандарга эскертет! Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Связанный пост