Өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуу үчүн БАЭден Кыргызстанга 150 блогер келди

КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти өлкөбүздүн туристтик дараметин жогорулатуу жана жана туризмди жайылтуу максатында “Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan” аталышында масштабдуу маалыматтык кампания өткөрүп жатат.

Бүгүн, 2023-жылдын 22-сентябрында, аталган кампаниянын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация Бишкекке келди, анын ичинде:

– БАЭдеги 30 атактуу блоггерлер/инфлюэнсерлер;

– БАЭнин 5 ЖМК өкүлдөрү;

– БАЭнин туризм секторунун, туристтик бизнес-чөйрөнүн жана авиациянын негизги кызыкдар тараптарынан 5 катышуучу;

– социалдык тармактарды активдүү колдонуу аркылуу тиешелүү Wizz Air Abu Dhabi сынагынын жеңүүчүлөрү болуп тандалып алынган 50 катышуучу;

– атактуу саякатчылар.

 

Маалыматтык кампания БАЭде социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып, Кыргызстанда саякаттоо боюнча билдирүүлөр, видеолор, кийимдер конкурстары, аба ырайы жана тамак-аш боюнча темадагы посттор жарыяланат. Бул кампаниянын негизги концепциясы БАЭ жана Перс булуңунун аймагында Кыргызстанды туристтик өлкө катары ооздон-ооз, блогерлер жана саякатчылар аркылуу маалымдоо болуп саналат.

Связанный пост