Өлкөдө хантавирус коркунучу жок

 Өлкөдө хантавирус коркунучу жок

Саламаттык сактоо министрлиги Ушуайядан (Аргентина) Кабо-Верде аралдарына багыт алган MV Hondius круиздик кемесинде хантавирустун жайылышы тууралуу эл аралык маалымат каражаттарына комментарий берди.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү жугуштуу оорулар жаатындагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда, күн сайын жүргүзүлүүчү режимде мониторинг улантылууда. Адистердин баалоосу боюнча, Кыргызстанга хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги өтө төмөн, калк жана туристтер үчүн коркунуч жок.

Дүрбөлөңгө түшүү үчүн себеп жок: көпчүлүк адамдар үчүн жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн боюнча калууда, ал эми жөнөкөй алдын алуу чараларын көрүү жуктуруп алуу ыктымалдуулугун натыйжалуу азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка эс алууга барууда жана кемирүүчүлөр байырлашы мүмкүн болгон жерлер менен байланышта болууда сак болууну сунуштайт.

Хантавирус деген эмне?

Хантавирус — бул айрыкча кемирүүчүлөрдүн арасында айлануучу жана белгилүү бир шарттарда адамга жугушу мүмкүн болгон вирустардын тобу.

Негизги жуктуруучулар төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • чычкандар;
  • талаа чычкандары (полёвка);
  • келемиштер;
  • башка сүт эмүүчүлөр.

Жаныбарлар оорунун белгилерине ээ болбошу, бирок вирусту алып жүрүүчүлөр болушу жана аны курчап турган чөйрөгө заара, шилекей жана заң менен бөлүп чыгаруусу ыктымал.

Вирустун аталышы 1970-жылы вирусту алып жүрүчү кемирүүчү табылган Түштүк Кореядагы Хантан дарыясынын атынан келип чыккан.

Кандайча жугат?

Адамга төмөнкү учурларда жугушу ыктымал:

  • оорулуу кемирүүчүлөрдүн суюктуктарына булганган чаң менен дем алганда;
  • бүтүндүгү бузулган тери же былжыр челдер кемирүүчүлөрдүн суюктуктары менен байланышта болгондо;
  • булганган азыктарды же сууну колдонууда;
  • сейрек учурда – кемирүүчүлөр тиштегенде.

Көпчүлүк хантавирустар үчүн адамдан адамга жугуу мүнөздүү эмес. Өз алдынча түштүк америкалык штаммдар, мисалы, Андес вирусу гана өзгөчөлүккө ээ.

Оорунун симптомдору

Баштапкы баскычтарда оору гриппти эске салышы мүмкүн:

  • температуранын жогорулашы, калтыроо
  • алсыроо,
  • баш оору,
  • булчуңдагы оору.

Хантавирус тез күч алышы мүмкүн. Оор учурларда төмөнкүлөр өнүгүүсү ыктымал:

  • курч дем алуу жетишсиздиги;
  • бөйрөктүн жабыркоосу.

Өзгөчө кемирүүчүлөр менен байланыштан соң же тобокелчилик аймактарына баргандан кийин жогорку температура, өтө алсыроо, булчуңдагы оорутуулар, жөтөл, дем алуунун кыйындашы пайда болгон учурда дарыгерге кайрылуу, ал эми эмес дем алуу бузулганда – токтоосуз түрдө шашылыш жардам чакыруу зарыл.

ДССУ эмнелерди билдирет?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) 8-майда Женевадагы брифингде жарыяланган маалыматы боюнча, кеңири коомчулук арасында хантавирустун жайылуу тобокелчилиги өтө төмөн боюнча кала берүүдө. ДССУ ошондой эле кырдаал COVID-19 пандемиясы менен эч кандай байланышы жоктугун баса белгилейт.

Оору жуктуруп алган сегиз учур катталган, анын ичинде бешөө лабораторияда такталган жана үчөө божомолдонгон. ДССУнун өкүлүнүн айтымында, ал гана эмес бир каютада чогуу жашаган учурлар дагы дайыма эле инфекциянын жугуусуна алып келген эмес, бул анын адамдан адамга жайылуу жөндөмүнүн өтө чектелгендигин дагы бир жолу көрсөтүүдө.

ДССУ Кабо‑Верденин жээгинде турган круиздик кемедеги оорунун чыгышына жооп кайтаруу чараларын координациялоону улантууда.

Өзүбүздү кантип коргошубуз керек?

Бүгүнкү күндө хантавируска каршы спецификалуу вакцина жок. Негизги алдын алуу чарасы – кемирүүчүлөр жана алардын суюктуктары менен байланышта болуунун алдын алуу.

Сунушталат:

  • жапайы кемирүүчүлөр менен байланышуудан оолак болуу;
  • жабык жайларды тазалоонун алдында желдетүү;
  • булгануусу мүмкүн болгон орун-жайларды тазалап жаткан учурда колкап жана беткаптарды колдонуу;
  • кароосуз калган сарай, токойдогу кароолкана, үйүлгөн чөп же саманга алдын ала тазалабастан түнөбөө;
  • өлгөн же тирүү кемирүүчүлөрдү жылаңач колдор менен кармабоо;
  • сууну текшерилген булактардан гана ичүү жана зарылчылык болгон учурда аны кайнатуу;
  • тамак-ашты кемирүүчүлөр жете албай турган жайда, жылчыксыз жабылган контейнерлерде сактоо.

Туристтерге сунуштар

Сапарга чыгуунун алдында сунушталат:

  • бара турган өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды алдын ала тактоо;
  • жанына негизги коргонуу каражаттарын алып жүрүү: антисептиктер, медициналык беткап же респираторлор жана кол каптар.

Эгерде бакчада чычкандар пайда болсо

Кемирүүчүлөр пайда болгон учурда капкан жана тузактарды пайдалануу менен кемирүүчүлөрдү жок кылуу боюнча иш-чаралардын топтому – дератизация жүргүзүү сунушталат.

Тазалоо учурунда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • респиратор жана кол каптарды пайдалануу;
  • чаңды алдын ала нымдап алуу;
  • тегиздиктердин беттерине дезинфекция жүргүзүү.

Ошондой эле кемирүүчүлөр тарабынан зыян келтирилген азыктарды пайдаланууга болбойт.

Связанный пост