Бишкекте жол куруунун темпи 5 эсеге өстү: Мэр көрсөткүчтөрдү салыштырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундары менен жолугушууда акыркы жылдардагы жол куруу иштеринин темпи тууралуу маалымат берди.
Калаа башчысы өз сөзүндө мурунку жылдарга салыштырмалуу жолдорду реконструкциялоо жана куруу көлөмү кескин жогорулаганын белгиледи.
Мэрдин айтымында, буга чейинки көрсөткүчтөр менен азыркы аткарылып жаткан иштердин ортосунда чоң айырма бар.
“Өзүңүздөр салыштырып көрүңүздөр. 2018-2021-жылдары шаарда эң көп дегенде 16,7 чакырым гана жол жасалган. Ал эми 2024-жылдан тарта иштер тездетилип, ошол жылы 61,7 чакырым, ал эми былтыр 92 чакырым жол салынды”, – деди Жунушалиев.
Мэр бардык жолдорду бир учурда оңдоо мүмкүн эместигин, бирок жылдан-жылга курулуштун көлөмү өсүп жатканын баса белгиледи.
“Жолдордун бардыгын бир учурда сала албайбыз. Бирок, мына жылдан-жылга курулган жолдордун узундугу эселеп артып жатканын көрүп жатасыздар”, — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, учурда президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймагында бийлик өкүлдөрү тургундар менен жолугуп, көйгөйлөрдү жеринде чечишүүдө.