Үч уул, эки кыз: чек арада курулган жаңы ооруканада 5 наристе төрөлдү
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунда көз жарган апаларды куттуктап барды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл жаңы төрөлгөн наристелерге узун өмүр,бекем ден соолук каалап,кыргыз элинин сыймыктуу уул кыздарынан болушуна тилектештигин билдирип,белектерин тапшырды.
Көз жарган апалар жана дарыгерлер,түзүлгөн бардык жетиштүү шарт үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.
Оорукана облус борборунан 50 чакырым алыстыктагы чек ара айылдарынын калкына медициналык кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, оорукана 11-декабрда КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилген.
Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек,Ак-Сай,Ак-Татыр айыл аймактарынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен курулган.
75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунан каржыланган.