ӨКМ: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт
![ӨКМ: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/bez-nazvaniya.jpeg)
Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
Бишкек – Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;
198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.