«Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат
![«Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp-image-2022-08-10-at-13.40.53-2.jpeg)
«Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Свердлов районунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул долбоор үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга дем берүү, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү максатында иштелип чыккан.
Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу, үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
Социалдык келишимде ар бир үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомго чейин социалдык жардам каралган.
Социалдык келишим – аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим, ага ылайык аймактык бөлүм муктаж үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүгө, Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.