Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн кризистик борборлорду каржылоо көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорду колдоону күчөттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында мындай мекемелерди каржылоонун көлөмү 2022-жылдан 2025-жылга чейин 12 млн сомдон 28,6 млн сомго чейин көбөйгөн.
Каражаттар убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыздоого, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүүгө жумшалат.
Учурда өлкөдө 16 кризистик борбор, анын ичинде Бишкек жана Нарында эки муниципалдык борбор (“Аязат” жана “Асылзат”) иштеп жатат. Аймактардагы 10 борбордо (анын ичинде Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Нарын) баш калкалоочу жайлар иштейт, анда жабыркагандар убактылуу баш калкалай алышат.
2025-жылы мамлекеттик социалдык заказ боюнча сынак жети тематикалык багытты камтыган:
1. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан, адамдарды сатуунун курмандыктары болгон аялдарды/кыздарды социалдык колдоо, аны менен бирге ишке орноштуруу жана кесиптик адаптациялоо.
2. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка кабылган кыздарды жана балдары бар аялдарды убактылуу коопсуз башпаанек менен камсыз кылуу.
3. Зомбулуксуз жүрүм-турумду жана зомбулуктун ар кандай түрүнө чыдамсыздыкты калыптандыруу максатында маалыматтык-билим берүү кампанияларын өткөрүү.
4. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жана адам сатуунун курмандыктары үчүн ишеним телефону аркылуу психологиялык жардам көрсөтүү.
5. Зомбулуксуз жүрүм-турумду жана зомбулуктун ар кандай түрүнө чыдамсыздыкты калыптандыруу максатында калк арасында ГАЛС инструменттерин окутуу.
6. “Бирдиктүү терезе” аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга, адам сатуунун курмандыктары үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу.
7. Аялдардын салттуу кол өнөрчүлүк топторун жана жаштардын демилгелерин колдоо (стартаптар).Сунушталган 33 долбоордун ичинен 27си жеңүүчү деп табылды. Алардын арасында – “Шанс” кризистик борбору бар, ал 2025-жылы биринчи жолу зомбулуктун курмандыктарына комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча “Бирдиктүү терезе” долбоорун ишке ашырып жатат.
Эмгек министрлиги кризистик борборлорду колдоону улантып, жабыр тарткан аялдар менен балдарды калыбына келтирүүдө жана коргоодо алардын негизги ролун баса белгилейт