Жыл башынан бери жыйкан-фермерлерге 77 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

 Жыл башынан бери жыйкан-фермерлерге 77 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында 128 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 9951 миң сомго 16 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК, 560 миң сомго 8 насыя;
– “Элдик Банк” ААК аркылуу 435 миң сомго 8 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 67 млн 888 миң сомго 112 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК аркылуу 31 млн 418 миң сомго 55 насыя;
– “Элдик Банк” ААК аркылуу 36 млн 470  миң сомго 57 насыя.

Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 77 млн 839 миң сомго 128 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК аркылуу 37019,0 миң сомго 63 насыя;
– “Элдик Банк” ААК аркылуу 40820,0 миң сомго 65 насыя.

Связанный пост