Жыл башынан бери Транспорт министрлигине 12,1 млрд сом каржыланды
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт
2023-жылдын 10 айында КР Транспорт министрлигине 12,1 млрд сом каржыланды. Алар:
– жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;
– битум сатып алууга 395,7 млн сом;
– 346,9 млн сом кредитордук карызды жабууга;
– жабдууларды сатып алуу 1 119,4 млн сом;
– Жол фондуна 1 758,3 млн сом;
– Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча 5 266,4 млн сом
– Капиталдык салымдар 1 445,8 млн сом.
Бүгүнкү күндө калдык 3,6 млрд сомду түзөт.
Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:
– 1332,0 млн сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;
– 30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;
– учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;
– «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188,8 км жолду асфальттоо.
Эскертүү: Коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде 2022-жылдын май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.