Жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду

 Жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду

Кыргызстанда жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

 

Министрдин биринчи орун басары кырсыктан каза болгондордун 15и өспүрүмдөр экенин белгиледи.

 

“Анын ичинде Ош облусунда – 15, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Баткен облусунда – 1 адам селге агып каза болду. Сел кырсыктарынын катталуусу боюнча Ош облусу биринчи орунда турат. Мында жалпы 37 сел катталган”, – деди Мамбетов.

Связанный пост