Жыл башынан бери Ош облусунда миңге жакын жумуш орду түзүлдү

8 ай ичинде Ош облусунда 62 чакан жана орто ишкана ачылып, анын эсебинен 973 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаевдин ишкерлер менен жолугушуусунда айтылды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда 2025-жылдын январь-август айларында облуста жалпы көлөмү 13 млрд 170 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,4 пайызды түзгөндүгү белгиленди.
Жолугушуу ишкерлер күнүнө карата уюштурулуп, чай үстүндө эркин форматта өттү. Иш-чаранын негизги максаты — ишкерлер менен ачык жана түз диалог түзүү, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду.