Жыл башынан бери КРнын жергиликтүү бюджеттерине 4 млрд  сом бөлүндү

 Жыл башынан бери КРнын жергиликтүү бюджеттерине 4 млрд  сом бөлүндү

2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинде:

Теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд сом каржыланды;

Максаттуу трансферттер боюнча  – 2,7 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинен:

бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98, 2 млн сом бөлүндү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92,4 млн сом;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32,1 млн сом;

Бишкек шаары (бирдиктүү салык) – 2,3 млрд сом;

Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча – 117, 5 млн сом;

Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;

Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;

калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга– 102, 6 млн сом;

облустардагы өкүлчүлүктөрүнө -186,5 млн сом;

облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна -12,5 млн сом;

электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;

райондук мамлекеттик администрацияларга – 323,7 млн сом;

райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12,5 млн сом;

облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138,2 млн сом;

райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97,7 млн сом;

Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.

Связанный пост