Кыргызстанда Беларусь киносунун кундөрү башталды

 Кыргызстанда Беларусь киносунун кундөрү башталды
Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында, бүгүн, 13-июнда “Манас” кинотеатрында Беларусь кино күндөрүнүн расмий ачылышы болуп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, Белгилүү Беларусь жазуучусу, сценарист, драматург, режиссёр-аниматор, Белоруссиянын кинематографисттер Союзунун төрагасынын орун басары Елена Турова жана кино күйөрмандары катышышты.
Кайрат Иманалиев Беларусь кино күндөрүн ачык деп жарыялап жатып, Белоруссиянын кинематографиясынын мыкты чыгармалары салттуу түрдө гуманизмдин идеалдарын ырастап, адамдын рухий дүйнөсүн изилдеп, жашоонун жогорку маанилерин издейт жана ошол эле учурда кайталангыс дүйнөнү чагылдырат-деп белгилеп, “Кино күндөрүн өткөрүү биздин өлкөлөрдүн маданиятын байланыштырган жана адамдардын жүрөгүн ачкан жалпы нерселерди табууга мүмкүндүк берет. Кинематография чөйрөсүндөгү кызматташтык салттуу түрдө Кыргызстан менен Беларустун маданияттар аралык диалогунун багыттарынын бири болуп калат. Келечекте биздин продюсерлер Белоруссия менен биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырарына ишенем жана биз келечекте мындай өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө үмүттөнөбүз. Беларусь киносунун күндөрү бул индустриалдык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү аспаптардын бири болот”-деп сөзүн жыйынтыктады.
Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач Кыргызстан менен Беларуссия 30 жыл аралыгында илимий, өндүруштүк, соода-экономикалык, маданий жактан тыгыз кызматташып келерин, маданий алаканын тыгыздыгына бугункү күндө Кыргызстанда өтүп жаткан Беларусь Республикасынын маданият күндөрү далил экенин белгилеп, Беларусь көрүүчүлөрү да ар дайым кыргыз киносун өз өлкөсүндө күтөрүн билдирди.
Елена Турова Беларусиянын көркөм, анимациялык жана документалдык тасмалардын алтын топтомун Кайрат Иманалиевге тапшырды. Ошондой эле, эртең 14-июнда “Звёзды 7 неба” аттуу балдарга арналган анимациялык мюзиклин тартуулай турганын маалымдап, ага кичинекей көрүүчүлөрдү чакырып өттү.
Андан соң келгендерге Беларуссиянын “Подрыв” аттуу тасмасы тартууланды.

Связанный пост