Жыл башынан бери 600 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

 Жыл башынан бери 600 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

Жыл башынан бери өлкө аймагында 595 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды.

Анын ичинде:

  • мас абалында унаа башкарган – 8 112 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 93 миң 365 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан – 3 649 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 21 162 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган – 541 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген – 291 179 айдоочу;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 81 миң 479 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулганы айтылды.

Связанный пост