Жыл аягына чейин Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат

Жыл аягына чейин Сүлүктү шаарында эки ири көмүр кени ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында президентинин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жаңыдан ачыла турган көмүр кендеринин иши менен таанышты.

Алардын бири “У Линь Групп” ЖЧКнын көмүр кени жыл аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүүгө жөндөмдүү жана 300 адам жумуш менен камсыз болот.

Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн 40 млн доллар керектелет, учурда 5 млн доллар жумшалган.

Экинчи көмүр кени “Мурас-1” ЖЧКга таандык. Кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9 млн сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү каражат 11,2 млн сомду түзөт. Ишкананы жыл аягына пайдаланууга берүү пландалган.

Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылуусу облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, ишканалардын толук кандуу ишке кирүүсү үчүн жериликтүү бийлик колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын аягына чейин облустун аймагында жалпы 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган.

Связанный пост