Жыл аягына чейин 18 чакан ГЭС ишке берилет

Азыркы учурда Кыргызстанда 39 чакан ГЭС иш алып барууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 78 МВт болгон 18 чакан ГЭС ишке берилет.
“Ал эми 2026-жылга карата 13 чакан ГЭСти ишке берүү пландалууда. Алардын болжолдуу кубаттуулугу 148 МВтты түзөт. Ошондой эле 2027-жылы жалпы кубаттуулугу 170 МВт болгон 14 чакан ГЭС ишке кирет”, – деди ал.
Керимов андан сырткары “Кара-Кече” ЖЭБине конкурс жарыяланганын билдирди. Ал ири ГЭСтер ишке киргенче кышкы дефицитти жабууга көмөктөшүп турат.
“Кошумча чакан ГЭСтердин курулуп жатканына карабастан, жыл өткөн сайын керектөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. Жылына 18 млрд кВ сааттык электр энергиясы керектелүүдө. Анын 15-16 млрд өлчөмүн өзүбүз чыгарып жаткан болсок, болжол менен дагы 3,3 млрд чет элден сатып алып жатабыз,”, – деп кошумчалады ал.