Жусупбекова: Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө жетти

Акыркы жыл ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3%дан 44,3%га чейин өстү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 257 миңден ашык бала бакчага барса, дагы 100 миң бала «Наристе» программасы боюнча билим алышкан. Алар менен иштөө үчүн системага көбүрөөк педагогдор кошулду – азыр алар дээрлик 12 миң, бул бир жыл мурункуга караганда бир жарым миңге көп.
«Бала бакчалар өзгөрүүдө: “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” боюнча жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты ишке киргизилди, “1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын өнүгүүсү” аттуу жаңы программа кабыл алынды, уктоочу бөлмөлөр жаңыланып, миңге жакын жаңы топ ачылды, натыйжада 25 миңден ашык кошумча орундар пайда болду.
Ошондой эле өлкөдөгү бардык бала бакчалар тууралуу маалыматты табууга жана ваучер алуу үчүн онлайн өтүнмө калтырууга мүмкүн болгон бирдиктүү онлайн платформа түзүлдү. 2024-жылдын ноябрынан бери иштеп жаткан ваучердик система үй-бүлөлөргө финансылык колдоо берет. Тактап айтканда, кырдаалга жараша айына 2 миң сомдон 4 миң 560 сомго чейин», – деди министрдин орун басары.
Булак “Кабар” агенттиги