“Жунхай” базарында өрт чыкты

 “Жунхай” базарында өрт чыкты

Күн мурун, 22-октябрда Бишкек шаарындагы “Жунхай” базарында өрт чыккан.

ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 19:41де жалпы 8 күжурмөн эсеп, штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, саат 01:01де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар жок.

Связанный пост