Жумгал районунун акими алмашты
Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Набиев Адыбек Асанович өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Исаков Жаныбек Маматович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.