Жумгал районунда жаңы суу сактагыч курулууда

Жумгал районунда сугат сууга болгон муктаждыкты жоюу максатында көлөмү 3,2 млн куб метр болгон Түгөл-Сай сезондук суу топтоочу бассейни (БСР) курулуп жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Түгөл-Сай дарыясында суунун кору чектелүү. Сугат аянттарынын көптүгүнөн улам сугат маалында керектүү көлөмдөгү суу жетпей келген.

Ошондуктан күздөн баштап жазга чейин жана суу мол келген учурда сууну топтоп, сугат маалында пайдалануу максатында суу сактагыч курулууда.

Бүгүнкү күндө 2 суу ченөөчү пост жана 61 суу бөлүштүрүүчү курулма курулуп, ички каналдарга 3,17 чакырым узундуктагы ЛР-60 жана ЛР-40 лотоктору жайгаштырылды.

Курулуш иштеринин натыйжасында 3 208 га сугат аянтынын суу менен камсыздалышы жакшыртылат. Мындан сырткары, 1 602 га жаңы сугат жери өздөштүрүлөт.

Натыйжада аймактагы түшүмдүүлүк 2 эсеге жогорулап, Жумгал районунун тургундарынын турмуш-тиричилиги кыйла жеңилдеп, айыл чарба өндүрүшү өсөт.

Связанный пост