Жумгал районунда айылдык милиция бөлүмчөсү ачылды
Бүгүн, 11-июль күнү Жумгал РИИБдин Куйручук-Кызарт айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Асан Токтомамбетов, Жумгал районунун Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-аким Адылбек Набиев , Куйручук айылынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү Маадан Малабеков,айылдын тургундары жана Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышышты.
Ачылган айылдык милиция бөлүмчөсүдө чет мамлекеттерден келген туристерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.
Ишке берилген айылдык милиция бөлүмчөсү керектүү эмеректер жана кеңсе буюмдары менен камсыздалып, милициянын кызматкерлери элдин кайрылууларын кабыл алып, тиийштүү жардамдарды көрсөтүгө, укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө толук даяр.
Ачылыш аземдин соңунда айрым кызматкерлерге атайын наам жана Куйручук-Кызарт айылдык милиция бөлүмчөсүнүн салынышына көмөк көрсөтүү менен кошкон зор салымдары үчүн жарагдарга ыраазычылык каттар тапшырылды.