ЖРТдан 130 баллдан жогору алган абитуриенттер гана педагогикалык окуу жайга тапшыра алат

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радиого” берген маегинде 2025-2026-окуу жылында педагогикалык адистиктерге кабыл алына турган абитуриенттерге болгон талаптар жогорулай турганын билдирди.
«Буга чейин ЖРТдан 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары сертификациялоо системасы кирет. Андан калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт», – дейт министр.