Жоламан Шаршенбеков «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү
![Жоламан Шаршенбеков «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/320965500_828076908298597_4001193556444118735_n-850x560.jpg)
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү.
Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы 6 медаль жеңген. Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык “Dan Kolov – Nikola Petrov Tournament” мелдешинде коло байгеге ээ болгон. Жыйынтыгында жалпы 55000 упай менен Бүткүл Дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.
Мындан сырткары грек-рим күрөшү боюнча «Жылдын мыкты балбаны» наамына Азербайжандык Элданиз Азизли, Түркиялык балбандар Бурхан Акбудак жана Риза Каялп, Сербиялык Зураби Датунашвили талапкер болушту.