Декларацияланбаган $21 700 акча каражатын Өзбекстанга алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

 Декларацияланбаган $21 700 акча каражатын Өзбекстанга алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстанга бара жаткан ыргыз Республикасынын жаранынын жеке жүгүнө бажылык текшерүү жүргүзүүдө декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

Факт КБР МЭЖ АМСте катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Связанный пост