Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

 Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз тилине мамлекеттик деген макамды берген маанилүү мыйзамдын кабыл алынышы өлкөбүздүн эгемендигине карай жасалган эң негизги кадамдардын бири болгон. Андагы саясий кырдаалга карабай Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары улуттук мүдөөбүздү ишке ашырып, кайрадан калыбына келген көз карандысыздыгыбыздын пайдубалын түптөп беришкен. Көп өтпөй мамлекетибиз эгемендик алып, кызыл байрагын желбиреткен Кыргызстан деген өлкө пайда болду. Андыктан, бул күндүн кыргыз тарыхында орду өзгөчө. Албетте, 35 жыл аралыгында мамлекеттик тилге татыктуу көңүл бурулбай, макамы кагаз бетинде гана калган учурлар арбын болгону жашыруун деле эмес. Документ жүгүртүүдөн тышкары, жөнөкөй баарлашууда да башка тилдерге артыкчылык берилген жагдайлар орун алганын тана албайбыз.

Кадырлуу мекендештер!

Өткөн жылы мамлекеттик тилибиздин макамын көтөрүү максатында VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алып, ишке киргиздик. Мындан ары эгемен элибиздин эң негизги тилине өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик деген макамына ылайык иш алып баруубуз кажет. Анткени, тил – бул улуттун жаны. Эгер тилибизди сактабасак, улутубузду, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Буга дүйнөдө мисалдар арбын. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Андыктан кыргыз тили ынтымакка данакер, биримдикке себепкер болушу керек. Ар бир этнос өз тилин унутпай, ошол эле учурда мамлекеттик тилди да билиши зарыл. Биз ошондо күчтүү коом, күчтүү өлкө боло алабыз. Албетте, илим менен техника өнүккөн азыркы ааламдашкан доордо тил саясатын учур талабына шайкеш жүргүзүп, эне тилибиз менен катар башка тилдерди да үйрөнүшүбүз абзел. Бирок кыргыз тили Кыргызстанда өгөйлөнбөй, мамлекеттик тил катары колдонулушу шарт. Себеби, эне тилибиздин келечеги элибиздин келечеги менен тыгыз байланышкан.

Ардактуу замандаштар!

Азыркы технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүнөн, санариптик жаңылануулардан пайдаланып, интернет айдыңында да кыргыз тилин жайылтууга басым жасашыбыз керек. Мамлекеттик тилибизде сүйлөгөн жасалма интеллекти өнүктүрүү да өзгөчө мааниге ээ. Андан тышкары, кыргыз википедиясынын мазмунун арттырып, андагы маалыматтарды толуктоо иши да жигердүү жүргүзүлүшү зарыл. Кыргыз тилиндеги материалдар, маалыматтар канчалык арбын болсо, мамлекеттик тилди колдонгон жарандардын да катары көбөйөрү анык.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм!”

Связанный пост